POST1RIGHT
Ош облусунун Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн ооруканасында жакында эле оңдоо-түзөө иштери бүткөн. Бирок бейтаптар жатканга болбойт. Себеби оорукана эртең мененки саат 9.00 дөн 16.00 гө чейин эле иштей. Түнкүсүн иштебейт. Бейтаптар келсе, мына мынтип ооруканабыз жабык турат. Айла жоктон 20 км аралыкта жайгашкан Өзгөн районунун ооруканасына барабыз. Бейтаптар жатканга болбосо, эмнеге ремонт кылышты. Эми Өзгөнгө жеке менчик ооруканага 15 миң сом төлөп жатканга туура келет. Айыл жергесинде мындай акчага көрүнгөн кыйын эле. Биздин айылда 3 миң эле кожолук жашайт. Эмне себептен жаап салганы белгисиз. Өзгөнгө терепияга барсан орун жок деп жактырышпайт,- деп нааразы болгон автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.