Видео байкоо системасы аркылуу бажы органдарынын ишине онлайн мониторинг жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда "Автомобилдик" бажылык тариздөө жайларына камералар орнотулган. Ошондой эле, "Ак-Чий", “Улуттук көргөзмө борборуна" видео камераларды орнотуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө.
2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, 472 видео камераларды орнотуу боюнча жумуштар аяктаган. Өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында камераларды Бажы кызматынын Борбордук аппаратындагы онлайн мониторинг жүргүзүү тутумуна кошуу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө видео камералар иштеп жаткан пункттардагы жана бажылык тариздөө жайларындагы 14 видео байкоо камералары “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу улуттук мониторинг жүргүзүү тутумуна кошулду.