POST1RIGHT
Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы Мамлекеттик каттоо кызматында кезек күтүп турган автор "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн. Кезек күтүп тургандар абдан көп. Бир эле адам кабыл алып жатат, ушунча адамды. Жаш наристеси менен келгендер да кезек күтүп отурушат. Кабыл алып жаткан кызматкерлердин санын көбөйтүп ькойсо жакшы болмок. Деги эле бул маселе биздин айылда чечилбей койду,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.