Жол азабын тарткан Ат-Башы районунун жашоочулары
Новость

Ат-Башы районундагы Ача-Кайың, Баш-Кайың, Биринчи май, Талды-Суу, Өзгөрүш айылдарына чейинки жол унаа жүрүүгө мүмкүн болбой калды. Баш-Кайың менен Ача-Кайың айылдарынын жолуна жайында эле шагыл төгүлгөн. Эми азыркы абалын көрсөңүздөр. Бул эмнеге деген шагыл? Жолубуздун кейпи ушундай. Жогорку бийликтегилер көзөмөлгө алышса жакшы болот эле. ДЭУ бир айда бир келип сүрдүрүп да койбойт,- деп ачууланган айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.