Кара-Балта: тургундар "Жунда" заводун иштетүүгө каршы
Новость

POST1RIGHT

Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жайгашкан мунай иштетүүчү “Жунда” заводу боюнча "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. 

Новониколаевка айылынын тургуну "Жунда" заводун иштетүүгө каршы экенин билдирип, заводдон чыккан жагымсыз жыттан жашоого мүмкүн болбой калганын жана ал тургундарындын ден-соолугуна таасир берип жатканын айтты. 

Менин үйүмдөн 5 км аралыкта эле жайгашкан. 2 ай иштебей турган. 3-4 күндөн бери кайрадан иштеп баштады. Экологияны бир топ эле булгап жатат. Капкара болуп түтүн чыгат. Түн ичинде иштеп башташабы, билбейбиз таңкы маал саат 4 5 терде эшикке чыкканга мүмкүн эмес. Фильтр да коюшкан эмес,- деген автор, тийиштүү органдардан чара көрүшүн суранды. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.