POST1RIGHT
Лейлек районундагы Булак-Башы айылына мындан 5 жыл мурун таза суу киргизилген. Бирок айылдын жарымына суу жетпей калган. Арыктагы суу айылдын башынан келет, айылдын ылдыйкы жагында жашаган тургундар кир суу ичип жашап келишет. Арыктан агып келген суудан акыр-чикирлер, малдын өлүктөрү кошо агып келет. Айла жоктон ичип жатабыз. Балдарыбыз ар кандай оору менен ооруп келишет,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.