Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаадагы маршруттук таксилердин жана коомдук транспорттун башка түрлөрүнүн айдоочулары менен жолугушуп, жакындан баарлашуу өткөрүштү. Иш-чарага аталган түзүмдүн жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов да катышып, айдоочуларды кызыктырган жана ошол эле учурда түйшөлткөн суроолоруна жооп берип, жолдо жүрүүдөгү башкы милдет - жарандардын коопсуздугун сактоо экенин эске салды. Белгилей кетсек, иш-чаранын башкы максаты - түшүндүрүү иштери аркылуу жол кырсыктарынын санын азайтуу болуп саналат.
"Статистика айтат. Жол эрежелеринин бузулушунан кырсык быйыл арбын болду. Маршруттук айдоочулардын күнөөсүнөн болгон учурлар да бар. Менин оюмча, аларга айтып туруу керек",- деди ЖКККББ башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов.