POST1RIGHT
Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында суу чоргосунан ылай аралаш суу чыгып жатат. Бул тууралуу нааразы болгон тургун "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Таза суу чоргосунан кадимки ылай аралашкан суу чыгат. Фильтр койгонубуз менен ал дагы 2 күндө эле ылайга толуп, алмаштырганга туура келип жатат. Тийиштүү органдар келип суунун сапатын текшерип кетишсе жакшы болмок. Ден-соолукка кандай терс таасир тийгизип жатканынын да билбейбиз,- деген билдирүү жөнөткөн автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.