POST1RIGHT
Ивановка айылынын Геология шаарчасында электр жарыгы жок отурабыз. Эртең менен өчкөн жарык саат 18:00 болду жарык күйө элек. Эч кандай эскертүүсүз эле өчүрүп салышат. Жарык жок болгондуктан суу да токтоп калат. Турак үй болгондуктан даараткананы да колдоно албайбыз. Жылуулук жок. Жаш балдарга эле кыйын болуп жатат. Бул биринчи жолу эмес, дал ушундай көрүнүш бат-баттан кайталынап турат- деген автор, "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.