Каракол шаарынын ат майданы кейиштүү абалда
Новость

POST1RIGHT

Каракол шаарындагы ат майдандын эскилиги жетип, каралбай калды деген,- шаар тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Каракол ат майданы 1958-жылы курулган. Шаардын түштүк тарабында жайгашкан ат майдан 45 гектар жерди ээлейт.

Азыркы учурда ат майдан өтө эле аянычтуу абалда турат. Кароосуз калган. Ысык-Көлдүн боробору болгон Караколун ат майдандын абалы ушундай. Бул жерди гүлдөтүп, оңдоо-түзөө иштерин кылган эч ким жок,- деп ачуулаган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.