Токтогул: таза сууга бөлүнгөн каражат каякка кетти?
Новость

POST1RIGHT

Токтогул районунун Арал айылына таза суу киргизилип жатат. Бирок жергиликтүү тургундар булардын ишине нааразы болуушуда. Таза суу үчүн казылган жерлер туура эмес казылууда. Элдин талабын угушкан да жок. Казылган арык келип эле каналга келип такалат. Иш кылып жаткандан кийин алдын ала план коюп, ошонун негизинде иш алпарыш керек эле. Каналдагы саркынды сууну эл ичип атат. Сууга бөлүнгөн каражатты жок кылып коюшкан. Булардын үстүнөн көзөмөлгө алган эч ким жок,- деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.