Куршаб: мал базар туура эмес жерге орнотулган
Новость

POST1RIGHT

Өзгөн районундагы Куршаб айылында жаңы мал базар туура эмес жерде жайгашкан. Санэпидемстанция базар ачылышына уруксат бербесе дагы, базарды ушул күнгө чейин иштетип келишет. Бул жерден мурун "Сибир жарасы" оорусу чыккан. Көп малдар ооруп, адамдар ооруга чалдыккан. Дал ушул жерден элдер тамактанып жатышат. Базардан чыккан саркынды сууларды Куршаб айылынын эл ичип жатат. Эгер тургундар жугуштуу оору менен ооруп калса, ким жооп берет? Санэпидемстанция базар ачылышына уруксат бербесе дагы, базарды ушул күнгө чейин иштетип келишет. Көп жолу жогорку жактарга кайрылдык, бирок жыйынтык чыкпай келет,- деген автор.