POST1RIGHT
Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында “Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!” деген аталышта акция өтүүдө. Акциянын катышуучулары бет кап тагынып алышып, Бишкектеги булганыч аба, экология абалга нааразычылыктарын билдиришүүдө.
Уюштуруучулардын белгилешинче, соңку апталарда Кыргызстанда дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарынын оорусуна чалдыккандар көбөйгөнү байкалды.
Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.