Бакай-Ата: ооруканадан анализ тапшыралбай убара тарткан бейтаптар
Новость

POST1RIGHT

Бакай-Ата райондук ооруканасынын дарыгерлерине нааразы болгон бейтап "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн. 

Бакай-Ата райондук ооруканасында анализ тапшыралбай убара тартабыз, 10 ашык бейтапты анын ичинде балдак менен басып жүргөн жаш балдары менен келген бейтаптарды кетирип жатышты. Ошондой эле RV га тапшыралы десек реагент жок эки жума болду, эки айдан кийин келет болуш керек, каалаган жагынарга тапшыргыла деп жатышат. Ушундай чоң ооруканадан анализ тапшыралбай убара тартабыз. Талас шаарына барсак, райондук ооруканага баргыла дейт. Жеке менчике көрүнөлү десек, карапайым элдин каражатты жетпейт, - дейт бейтап. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.