Кара-Кулжа: киргизилген таза суу бир жылга жетпей жарылды
Новость

POST1RIGHT

Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында мындан 2 жыл мурун таза суу чыгарылган. Бирок 1 жыл өтпөй суу түтүктөрү жарылып, кайра-кайра жолду каза берип, жолдор бузулуп, баткакка айланууда. Унаалар жүргөнгө мүмкүн болбой калды. Азыркы убакытта Баады Алманбетов, Кожомбердиев Жаныбек, Рыскул Аликеев, Назаров Көңдүбай көчөлөрү баткака чыланып жаткан кези,- деп кайрылган аталган айылдын тургуну Кайыпов Ысак.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.