Кыргызстанда буюмдардын интернети өнүгүүдө
Новость KTRK/videograp

Санарип Кыргызстан программасынын алкагында Кыргызстанда "Ай-o-Tи" технологиясы, башкача айтканда Буюмдардын интернети өнүгүп жатат. Бул - буюмдарды аралыктан башкарууга болот дегендик. Адистердин айтымында, мындай технология адамдардын турмуш-тиричилигин жеңилдетип, чыгымды үнөмдөйт.

Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөр айдоочусуз унааны тажрыйбадан өткөрүп, айрымдары такси кызматында пайдаланууда. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай унаа жол эрежесин бузбайт жана жолдордогу кырсыкты азайтууга өбөлгө түзөт. Жакынкы арада мындай технология Кыргызстанга да жетет, - дейт адистер.
"Датчиктерди коюп көп нерсени автоматташтырса болот. Электр энергиясын оптимизация. Күндөп түндөп күйө берет. Автоматтык түрдө свети күйүп өчүп турат. Чыгымдарды азайтууга жардам берет. Санариптештирүү процессинин маанилүү бөлүгү",- дейт Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов.  
Ай-о-Ти - англис тилинде Internet of Things, кыргызча которгондо Буюмдардын интернети дегенди түшүндүрөт. Барган сайын адамдардын жашоосуна жогорку технология кеңири жайылып, көп иштер аралыктан башкарылып калат. Программисттердин айтымында, бул технологиялар адамдык ресурту гана эмес, керектелүүчү энергиянын чыгымын дагы үнөмдөйт. Бирок бул багытты өнүктүрүүдө жогорку ылдамдыктагы интернет талап кылынат.
"20-жылы көп мамлекеттер 5Д технологияга өтөт. Кыргызстанда дагы - пилоттук негизде ири шаарларда киргизүү каралып жатат. Телемедицина, 3Д видео, виртуалдуу технологияны, көп көлөмдүү маалыматты өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Дүйнө 5Д технологиясына өтүү боюнча чечим кабыл алган. 2020-жылы көп мамлекет жаңы муундун интернетин колдонууга өтөт. Ага катарлаш Буюмдардын интернетин өнүктүрүү - “Санарип Кыргызстан” программасынын маанилүү багыты болуп саналат.
"5Д интернетке өтсөк, интернеттин ылдамдыгы 40 эсеге жогорулайт. Унааларды башкарса болот. Көп көлөмдөгү маалымат алмашууга шарт түзүлөт",- деди Кыргызстандын байланыш операторлор бирикмесинин аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев.