Сары-Өзөн - Дыйкан базарыны качан тартипке келет?
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Биринчи май районуна караштуу Аска-Таш конушуна мындан 2 жыл мурун Сары-Өзөн - Дыйкан базарын көчүрүп келишкен. Ошол убакыттан бери тартипке салган эч ким жок. Тегереги таштандыга толгон, чириген картошкаларды таштап кетишет. Мектепке ушул жол менен барабыз. Чоң-чоң жүк ташыган унаалар жолдун четтин ээлеп туруп алышат. Айла жоктон жол менен басууга аргасызбыз. Эмне үчүн текшеришпейт бул жерди,- деп билдирүү жөнөткөн мектеп окуучусу. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.