2020-жылы Кыргызстанда 5-муундагы ыкчам байланыш технололгиясы сынала баштайт. Пилоттук негизде 5G тармагын тажрыйбадан өткөрүү Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын байланыш операторлорунун бирикмеси билдирди. Интернет желеси жогорку ылдамдыктагы байланышты камсыздап, коомдун көп тармактарына таасирин тийгизет, дешет адистер.