Жума ичинде Кыргызстандын сот системасы өзүнүн 95 жылдык мааракесин белгиледи. Мамлекет башчысы президентке караштуу Соттук реформа боюнча Кеңештин 3-отурумун өткөрдү. Анда президент соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын бирок, кемчиликтер да жетишерлик экендигин белгиледи.