Бишкек: кардарлар алдануудабы?
Новость

POST1RIGHT

Биздин "Элдик репортер" программабызга шаар тургуну жардам сурап кайрылды. Анда тасманын автору ордо калаадагы эң эле бегилүү гиппермаркеттердин биринде 10-декабрда болгон окуяны элге жана укук коргоо органдарына жеткирип коюну суранган. Ал жиберген видеого көз сала турган болсок, Фрунзе гиппермаркетинен сатылып алынган каф энд кев соода маркасындагы каймак сырынын сыртында жазылган баасы 166 сом болсо, кассага келгенде анын баасы жогорулап, 207 сомду түзгөнү чагылдырылган. Ортодогу айрыма 41 сом болгон. Буга кошумча кардарда сырдын салмагы дагы суроо туудурган. Ал сырды таразага тартканда 392 грамм делип жазылып турган сыр болгону 188 грамм болуп чыккан. Ошондо салмактагы айрыма 204 граммды түзгөн. Башкача айтканда телекөрүүчү аталган дүкөндөн алган азыктын баасы гана эмес, салмагы дагы туура эмес болуп чыккан.

Мындай жагымсыз абалга кабылган шаар тургуну дароо сырды сатып алган Фрунзе гипперамаркетине жөнөгөн. Ал жерден тартылып алынган видеого көз чаптыра турган болсок, анда автор текчеде терган каф энд кев соода маркасындагы сырларды алып таразага тартып жатканын көрүү мүмкүн. Анда көрүнүп тургандай, таразага тартуунун жыйынтыгында таразага тартуу үчүн капыстан алынган сырлардын салмагы көрсөтүлгөн салмактан болжол менен эки эсеге жеңил болуп чыккан.

Телекөрүүчү билдиргендей, бул окуя Анкара көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан гиппермаркетте болгон. Таразага тартуу иштеринин баардыгы гиппермаркеттин башкаруучусунун жана юристинин катышуусунда өткөн. Гиппермаркеттин өкүлдөрү бул түнкүсүн таразага иштеген кыздардын катачылыгы экенин айтышкан. Салмактагы айырмага адамдык фактор себеп болсун. Ал эми кассага чейин 166 сом болгон сырдын баасы 207 сом болуп калганына ким күнөөлү деген суроону телекөрүүчү коомчулукка жеткирүүнү туура көргөн. Эң башкысы, баасына дагы, салмагына дагы кошумчаланып сатылган сыр бир айдан бери элге сатылып келген. Бул аралыкта канча адам салмагынан дагы баасынан дагы алданып келген деген суроо жаралат. Бул факт боюнча тасманын автору акт түзгөн. Гиппермаркеттин өкүлдөрү актка кол койгондон баш тарткан. Муну айткан көрүүчү тиешелүү органдарды бул окуяга көңүл буруп, кадрлардын укугун коргоо багытында иш алып баруусун өтүнгөн. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.