Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 17-декабрда Жапонияга барат. Расмий сапар 20-декабрга чейин уланат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сапар алкагында Өзбекстан президенти Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Парламент кеңешчилер палатасынын президенти Акико Санто, Өкүлдөр палатасынын спикери Тадамори Осимой, премьер-министрдин орун басары, каржы министри Таро Асо менен жолугат.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Жапония Императору Нарухитонун кабыл алуусунда да болот.
Тараптар өзбек-жапон кызматташтыгын арттыруу, Өзбекстандагы ири инвестициялык долбоорлорго жапон компанияларын тартуу маселелерин карашат.
Расмий сапардын аягында саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, бажы, туристтик жана илимий-техникалык тармактарда кызматташууну бекемдөө боюнча документтерге кол коюлары күтүлүүдө.