Каныш-Кыянын балдар ооруканасындагы бейтаптарга болгон катаал мамиле
Новость www

"Урматтуу айымдар сиздердин калыс сөзүңөрдү күтөм. Мен Алманова Нурзина балам тамагы ооруп Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы оорукананын балдар бөлүмүнө дарыланганы жатканбыз. Кеч кирип калгандыктан керебетке жатсак, матрас аябай жука экен. Жаныбыздагы керебеттер бош болгондуктан ошонун матрасын салып жатып турайын деп салып жаткам. Ооруп жаткан баламды уктатып жатсам, түнүчүндө Айнура аттуу мед айым келип, сен эмнеге медсестралардын матрасын аласын деп, төшөктү оодарып матрасты сыйрып алды.

Силер уктабай ооруп жаткан балдарды карашыңар керек десем, сага төшөк керекпи үйүңдөн алып келип ал деп жооп берди. Жанымда жаткан келинге да төшөк бербей, түнү менен үшүп чыгыптыр. Эл-журт ушул кылганы туурабы мед айымдар түнкүсүн балдарды карап туруш керекпи же укташ керекпи? Кандай мамиле кылыш керек бул медайымга айтыныздарчы?", - деп билдирүү калтырган Чаткал районунун тургуну Алманова Нурзина.