Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылынын 14 чакырым жолу совет мезгилинен бери оңдолбой келет. Учурда жолдун начардыгына карабастан унаалар каттай берип, жол аңгыл-дөңгүл болуп "шиферге" айланып калган,- дейт жергиликтүүлөр.
"Айыл тургундары ишке барыш үчүн күнүгө ушул жолдон өтөт. Айла жок, башка жактан келгендер бир жолу унаасы менен өткөн соң, экинчи жолу өткүсү келбейт",- дейт айыл тургун.