Ноокен: жогорку кубаттуулуктагы электр чубалгылары кулап калуу коркунучунда
Новость KTRK/videograp

"Ноокен районунун Тоскоол айылындагы Чарчы-Дөбө көчөсүнөн үйлөрдүн үстүнөн жогорку кубаттуулуктагы электр чубалгылар өткөн. Бирок, учурда столбалардын абалы начар, бары чирип, кыйшайып турат. Бул столбалар 1974-жылы курулуптур, ошондой бери алмаштырылбай турат. Эгер куласа эмне болот, ким жооп берет? Алдын алып, алмаштырган эч ким жок",- дейт видео жөнөткөн тургун.