Балыкчынын эски базарынын айланасында жол коопсуздугу сакталбай келет
Новость KTRK/videograp

"Балыкчы шаарындагы эски базардагы Курмашев жана Интернациональный көчөсү жөө жүргүнчүлөр учүн өтө кооптуу. Жолдун эки четин соодагерлер дүкөн, жайма базар кылышып, эл унаа жүрүүчү жол менен басып калышты. Тротуардын бары жабылып калгандыктан, жол коопсуздугу сакталбай калды. Акимге кайрылсам, адамдар соода кылышсын дейт, бирок адамдардын өмүрү коркунучка кабылууда. Мэрия ушул эки көчөнү ирээтке келтирип койсо жакшы болот эле",- дейт Балыкчы шаарынын тургуну.