Диний окумуштууларды даярдоо учур талабы
Новость www

POST1RIGHT

Өлкө башчысынын Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлган. Анын ичинде Кыргызстандын Ислам академиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишим бар. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында Ислам динин академиялык багытта тереңдетип окуткан, теолог адистерди даярдаган мекеме курулмакчы.

Жаңы курула турган Ислам академиясы ислам боюнча терең билими бар дин багытындагы адистерди даярдайт. Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү, ислам теологиясы боюнча кошумча кесиптик билим берет, же теология тармагын тереңдетип окуган магистранттарды, докторлорду чыгарат. Дин таануучу адистер бүгүнкү күндө диний коркунучтар жана чакырыктар күч алып турганда ислам динин тереңден изилдеген академиялык билими бар окумуштуулар абадай эле керек дешет.

Орто Азия чөлкөмү аналитиктердин пикиринде диний радикалдашуу, экстремизм жана террорчулук коркунучу жогору аймак болуп саналат. Мындай чакырык жана коркунучтардын күч алышына калктын диний сабатсыздыгы да таасирин тийгизип жатканы айтылат. Андыктан ачыла турган академия эң ириде калктын калың катмарынын диний сабаттуулугун көтөрөт. Академияда даярдалган теолог окумуштуулар диний агартуучулукту аркалашмакчы.

Борбор Азия чөлкөмү орто кылымдарда илим менен билим өнүккөн, окумуштуулардын чордонуна айланган. Аймактан чыккан илимпоздордун светтик илимдердин, ошол эле физика, математика, астрономия, медицинанын өнүгүшүнө да тийгизген таасири чоң. Кыргызстандын аймагында курулушу демилгеленип жаткан академиянын алдына дал ушундай илимпоздорду даярдап чыгуу милдети коюлган. Эң ириде илимий-изилдөөчүлүк, теология, дин таануу жана башка илимдер жаатында эксперттик, талдоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле коомдо жана диний коомчулукта заманбап илимий билимдерди жайылтуу максатталган.

Белгилей кетсек, Ислам академиясын түзүү тууралуу идеяны эң биринчи жолу өткөн жылы Бишкекте болгон “Ислам азыркы светтик мамлекетте” конференциясында өлкө башчысы айткан. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” дегендей эми минтип айтылган ой аткарылганы турат.
ЗКТ: Белгилей кетсек, Ислам академиясын түзүү тууралуу идеяны эң биринчи жолу өткөн жылы Бишкекте болгон “Ислам азыркы светтик мамлекетте” конференциясында өлкө башчысы айткан. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” дегендей эми минтип айтылган ой аткарылганы турат.