POST1RIGHT
Келерки жылдан тартып өлкөдөгү хирургиялык ооруканаларда кыска мөөнөттө дарылануу бөлүмүн ишке киргизүү мерчемделүүдө. Борбор калаада кыска мөөнөттө дарылануу бөлүмү 2016-жылдан бери шаардык балдар ооруканасында, ал эми быйылкы жылдын август айынан тарта борбордук төрөт үйлөрүндө ишке киргизилген. Аталган бөлүмдө бейтапты дарылоо акысыз жүргүзүлөт. Мында дарыгер бейтаптын саламаттыгына көз салып, дыкат текшерүүдөн кийин тиешелүү бөлүмгө которот.
Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасындагы кыска мөөнөттө дарылануу бөлүмү 2016-жылдан бери иштейт. Бөлүмдө жалпысынан 50 орун бар. Анда бир педиатр, үч хирург кызмат кылат.
№4 төрөт үйүндөгү кыска мөөнөттө дарылануу бөлүмү ачылганына төрт айдын жүзү болду. Аталган бөлүм милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каржылоосунда толугу менен капиталдык оңдоодон өттү. Анда 10 адамга ылайыкталган орун каралган. Бул бөлүмгө ооруканага жаткырылууга муктаж болбогон кош бойлуу аялдар келишет. Ошондой эле №1, №2 төрөт үйлөрүндө жана Эне менен баланы коргоо улуттук борборунда да кыска мөөнөттө дарылануу бөлүмү иштейт.
Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2020-жылы чоңдор үчүн мындай бөлүмдөрдү ачуу каралууда.
2020-жылдан баштап, өлкөдө хирургиялык ооруканаларда кыска мөөнөттө дарылануу бөлүмүн ишке киргизүү пландаштырылган.
2020-жылдан баштап, өлкөдө хирургиялык ооруканаларда кыска мөөнөттө дарылануу бөлүмүн ишке киргизүү пландаштырылган.