POST1RIGHT
Дүйшөмбү күнү биз программабызда шаар тургуну Фрунзе гиппермаркетинде алданып калган фактыны көрсөткөнбүз. Мына ошол көрүүчү Фрунзе дүкөндөрүнүн дагы бирөөсүнөн эртеси эле тартылган видеосу менен бөлүштү. Бул видео Лев Толстой көчөсүндөгү гиппермаркетинде тартылып алынган. Анда көрүнүп тургандай, каф энд кев соода маркасынын сырынын сыртында жазылган баа кассага келгенде дагы кымбат болуп чыккан. Тагыраагы сырда 62 сом 75 тыйын деп жазылса, кассага келгенде 81 сом 10 тыйын болуп калган. Ортодогу айырма 18 сом 35 тыйынды түзгөн. 18 сомду көпчүлүк байкабай деле калышы толук мүмкүн. Бирок, фрунзе гиппермаркети килограммы 424 сом деп турган сырды, кассадан 548 сомдон сатып жатканы белгилүү болгон. Бул видео 11-декабрда тартылып алынган, ал эми сырлар 14-ноябрдан бери ушундай ыкма менен кымбатыраак баада сатылып келген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.