Баткен шаарында жарым кылымдан ашуун жашаган арчалар кыйылууда
Новость

POST1RIGHT

Баткен шаарында жайгашкан облустук администрациясынын алдындагы 50 жылдан ашкан арчалар кыйылды. Кыйгандын канчалык кажети бар эле жолго да, элге да зыяны тийбей шаарга көрк кошуп турган. Кыйганга ким руксат берген жана ким жооптуу, кимди жоопко тартат? 50 жыл бул бир инсандын өмүр боюу кылган мээнети. Экотехинспекция, экология жана башка көзөмөл органдары иликтешин талап кылуу керек. Кийинкилерге жок дегенде сабак болор,- деген автор "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.