POST1RIGHT
Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн аялдар үчүн шарттын жоктугу. Төрөтканага киргенден баштап эле чыкканга чейин акча сурашат. Төрөткө керектүү дары дармектер окцитотсин, тетрациклин, самын, төрөткө катышкан топко, гинеколог 1000 сом, неонатолог 1000 сом, акушерге 500 сом, санитарга 200 сом, төрөтканадан чыгып бара жатканда төлөнүүчү каражаттар, палатный гинеколог 500 сом, палатный неанотолог 500 сом, фонтко 100 сом, баланы ороп туугандарга алып чыгып берген мед айымга 200 сом милдеттүү түрдө төлөнүп жатат. Ар бир төрөгөн аялдан ушунча акча төрөт бөлүмүнө түшүп жаткан соң ажатканасында кол жууганга ысык суу эмес, муздак суусу жок. Биз Баткендик аялдар 21 кылымда жашап ушундай шарты жок жерлерде төроп жүрөбүз. Саламаттыкты сактоо министрлигинде кызмат өтөгөндөр келип көз салып кетсе жакшы болот эле. Өкмөт башчысынан суранат элек биздин төрөт бөлүмүнө заманбап жабдыктар менен камсыз кылып беришин,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.





Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.