Үч-Терек: жолго бөлүнгөн каражат кайда кетти?
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортер" рубрикасына Үч-Терек айыл өкмөтүнүн тургуну жол маселеси боюнча видео материал жиберген. Видеодо тартылган жол Осмон-Ата участкасына тийиштүү. Жолдо эч кандай оңдоо иштери жүргөн эмес. Оюлган жолдон айдоочулар биринен качса, бирине түшүп түйшүк тартып жатышат. Жаз айында оюлган жолдорду бүтөмүш болуп жаткан. Көрсө жолго бөлүнгөн асфальтты жолдун чекесине төгүп туруп кетип калышыптыр. Жолго бөлүнгөн каражатты жолго эле жумушаса, жолубуз эчак эле бүтүп калмак. Бул жолду Кара-Көл шаардык ДЭУсу карайт,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.