POST1RIGHT
Нарын районунун Ийри-Суу айылынын Кара-Талаа деген жерде мурун союз учурунда суу чыкчу. Кийин союз тарагандан кийин түтүктөрү таланып кетип, суу чыкпай калган. Бул жерде жалпы-жонунан 150 гектардай жер бар. Эгерде насос коюлуп, суу чыгарсак, анда Ийри-Суу айылы өнүгүү жолуна түшмөк. Өкмөт жардам катары насос сатып берсе, калгандарын айыл тургундары өздөрү аракет кылып бүтүрүп, суу чыгарып алмакбыз, - дейт автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.