POST1RIGHT
Таш-Көмүр шаарындагы Мендигулов аймактык башкармалыгында таштандылар убагында алынбай жатат деген билдирүү мындан бир апта мурун биздин рубрикага келген, биз бул билдирүү боюнча Таш-Көмүр шаарынын мэриясына байланышканда, Рахматилла Асаналиев бул сөздөрдү четке кагып, Таш-Көмүр шаарында таштандылар убагында тазалынып жатат,- деген жооптуу алганбыз. Ал эми бүгүн болсо ардагерлер кеңештин төрагасы Бабатаев Сманжан Самарбекович кайрадан видео тартып жөнөткөн.
Таштандылар эч кандай тазаланбай эле турат. Мэриянын айткан сөзү калп. 2 айда бир жолу алынса алынат, алынбаса ошол бойдон калат. Бул бир гана биздин турак жайдын алдында эмес, бир канча жерде ушундай көрүнүш,- деп кайрадан видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.