POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Пархоменка көчөсүнүн жолу өтө эле кейиштүү абалда. Бул көчө Жибек-Жолу менен кесилишет. Жамгыр жааганда, кар эригенде мына мынтип көчөбүз көлчүккө айланат. Ал эми жайкысын чаң сапырылып турат. Жөө жүргүнчүлөргө кыйын эле бул жолдон басыш. Свердлов районунун акиминен, Бишкек шаарынын мэриясынан суранат элек, ушул көчөгө көңүл бөлүп, асфальт төшөп беришин,- дейт шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.