Учурда кыргыз-тажик чек ара аймагындагы жагдай оор болгондугу менен абал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, Баткен районунун Көк-Таш айылында эки өлкөнүн чек ара өкүлчүлүктөрүнөн, облусттук администрация жетекчилеринин, райондук акимдердин жана укук коргоо органдарынын сүйлөшүүлөрү кайрадан жанданды.
Тараптар эки мамлекетке канатташ аймактарынын жергиликтүү тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Кыргыз-тажик чек ара аймагындагы жаңжалдан жалпы алты киши түрдүү жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Баткен облусттук ооруканада ок жеген чек ара кызматкерине операция жасалды.
Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"