POST1RIGHT
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Дерес-Сай айылы аркылуу өткөн каналдан, сугат жерлерге насос аркылуу суу жетчү. 10 жылдан бери насос бузулуп, оңдолбой, айыл тургундары убара тартып жатышат. 2017-жылы оңдоо-түзөө иштери жүрүп, суу чыкмак, бирок дагы деле суудан дайын жок. Айыл өкмөткө кайрылганыбызда, токтун күчү жетпей жатат деп шылтоо айтышат. Азыр учурда айыл тургундары мал менен жашоо өткөрүп жатышат. Жогору жактан келип көзөмөлгө алып кетсек жакшы болмок,- дейт "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.