Теплоключенка: айдоо аянты таштанды төгүүчү жайга айланды
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы айдоо аянтын айыл өкмөт таштанды төгүүчү жай кылып салган. Тегереги бүт таштанды. Шамал болгондо таштандылар учуп кайрадан эле айылды каптайт. Малдарыбыз таштандыларды аралап, желим баштыктарды жээп алып, өлүп калганда фактылар каталып жатат. Канча деген малдар өлдү. Экологияга кандай гана терс таасирин тийгизип жатат,- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.