Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өлкөнү санариптештирүү боюнча президент тарабынан коюлган 7 тапшырманын бешин аткарды. Бул тууралуу ведомствонун башчысы Дастан Догоев билдирди. Ал белгилегендей, уюмдардын жетилгендиги, автоматташтыруунун деңгээли жана жагымдуу мыйзам чыгаруу базасынын түзүлгөндүгүнө байланыштуу эки тапшырма аткарылган эмес.
“2019-жылы “Санарип аймак” аттуу санарип платформасын түзүү боюнча тапшырмалар коюлган. Тутумду иштеп чыгуу боюнча иштер башталган. Аны тестирлөө пландалууда”, - деп билдирди ал. Догоевдун айтымында, маалыматтарды иштетүү борборун куруу пландалууда. Бүгүнкү күндө, анын концепциясын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.