POST1RIGHT
Талас шаарындагы Токтогул менен Манас көчөсү кесилишкен жерде таштандылар чачылып жатат. Бул таштандыларды ушул Талас шаарында эле жашаган тургундар келип таштап кетишет. Бул жер таштанды төгүүчү жай эмес, бул элдердин үлүш жерлери. Эмне үчүн элдер кайдыгер мамиле жазашат. Мэрия сөзсүз эле элдерден даттануулар түшкөндө гана иштейби, эмне үчүн карабайт? Мурун бул жер таштанды талаасы болгон экен. Андан кийин тазаланып, элдерге сатылган. Тийиштүү органдар чара көрүшүн суранат элем,- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.