Санариптештируунун алкагында 12 справка автоматташтырылган, мындан улам быйыл 1,5 миллиондон ашуун жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулган. Карызы жок деген справканы алуу автоматташтырылып, бизнес өкүлдөрү 18 миллион сом үнөмдөй алышты.
POST1RIGHT Бугун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети торагасы, президенттин кенешчиси дастан Догоев өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында президент тарабынан коюлган тапшырылмасынын жыйынтыктары туурасында журналисттерге айтып берди.
Айта кетсек, кечээ олко башчысы Дастан Догоевди кабыл алган. Анда Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекттик саясатты ишке ашырууда негизги милдетти — адамдардын, өлкө жарандарынын ыңгайлуу жашоосун камсыз кылуу, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адамдык факторду жокко чыгаруу жөнүндө дагы бир жолу эске салып, бул мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууга мүмкүндүк берерин айткан.
Дагы бир маанилүү фактор болуп бизнес менен алектенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, ата мекендик экономика секторунун бардык тармактарына санариптештирүүнү толук масштабдуу киргизүү боюнча чараларды кабыл алуу саналат. Санариптештирүүнү ийгиликтүү ишке ашыруу процесси өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин белгилеп, Мамлекет башчысы бийликтин бардык бутактарынын, министрликтердин жана ведомстволордун Кыргызстанды санариптик трансформациялоо боюнча активдүү позициясынын маанисин баса белгилеген.