Бишкек — Ош унаа жолундагы чектөө алынды
Новость KTRK/videograp

Бишкек — Ош унаа жолундагы тыгын жоюлду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Эске салсак, кечээ саат 19:20да Бишкек — Ош унаа жолунун 143-чакырымында Суусамыр өрөөнүндө жол тайгак болуп, автоунаа тыгыны пайда болгондугуна байланыштуу Жайыл районунун "Сосновка" постунда каттаган автоунаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген. Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, №9 жол-эксплуатациялык ишканасы жана үч техникалык унаа иштеген. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги посттогу айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жылынуучу жай уюштуруп, ысык тамак берген. Жолдогу тыгын жоюлгандан кийин чектөө алынып салынган.