POST1RIGHT
Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы Ленин көчөсүндө таза суу жок, жергиликтүү тургундар кыштын суугунда алыстан суу ташып, тиричилик көрүүдө. Суу 2019-жылдын август айында чыгарып беребиз деп сөз беришкен эле, айткан сөздөрүнө турушкан жок. Күн жылууда билинчүү эмес эле, күн суукта кыйын эле экен. Акимиатка канча кайрылдык, бул маселени чече албай келет,- деп нааразы болгон тургундар.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.