POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Щербаков көчөсүндөгү жол тазаланбай, жол сызыгынан өтүш мектеп окуучулары үчүн өтө эле кооптуу болуп турат. Манас, Москва, Абдрахманов көчөлөрү кардан тазаланат. Себеби ал көчөлөрдөн чоңдор өтөт. Ал эми көрүнбөгөн көчөлөр тазаланбастан эле калат. Жок дегенде бир жолу тазалап кетсе жакшы болмок. Кичинекей балдар менен бала бакчага барабыз жол эрежеси боюнча унаалар, автобустар жол сызыгынан 5 метр өтүп токтошу керек, ал эми биз 5 метр ары басканга жолдо орун жок. Унаалар сүзүп кетчүдөй, ары бассан арыкка кирип кетесин. Жолду эпеп эле салып койсо болдубу, шарт түзүп бериши да керекго деп,- ачууланган шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.