Таиландда окуучуларга аяз атанын кийимин кийген пилдер белек таратышты
Новость KTRK/videograp

Таиландда мектеп окуучуларына Аяз атанын кийимин кийген пилдер белек таратышты. Мындай өзгөчө көрүнүш туристтик өлкөдө 15 жылдан бери улантылып келет. Окуучуларга майрамдык маанайды атайын үйрөтүлгөн 4 крааль пили тартуулады.

Бул өзгөчө пилдерди мектеп окуучулары шаң менен тосуп алышты. Кээ бирлери атайын аяз атанын формасын кийип, мектепте жаңы жылдык маанай сезилип турду. Аларды дайыма жанында коштоп жүргөн махоуталарынын билдирүүсүнө ылайык, крааль пилдери кичинекейинен адамдарга жакын болууга үйрөтүлөт.