POST1RIGHT
Талас шаарындагы Чубак Сатаев көчөсүндөгү №46 турак үйгө мындан 2 жыл мурун жылуулук киргизүү иштери башталган. Бул турак үйдө 20 түтүн жашайбыз. Жаз айларында союз учурунда калган тоңуп жарылган түтүктөрдү алмаштырышкан. Ошондо сентябрь айында толук жылуулук киргизип беребиз деп кетишкен. Ошол бойдон ар кандай шылтоо менен ишти созуп жатышат. Буга чейин тургундар акча чогултуп бердик, бүт мүмкүнчүлүктөрүн түзүп бердик, ошондо да тыңыраак иштешкен жок. Жетекчисине канча жолу бардык, бизди кабыл албайт. Мэрия деле кайрылдык бир да жолу келип да койгон. Ушундай кычыраган кышта балдарыбыз үшүп, үйдө отурабыз. Тийиштүү органдар келип көзөмөлгө алып кетсе жакшы болмок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.