Президенттин маалымат жыйынына 92 ММКдан 188 журналист аккредитациядан өттү
Новость KTRK/videograp

Бүгүн, 25-декабрда боло турчу Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат жыйынына бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өттү.

Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана 28и — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк ММК өкүлдөрү.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өтөт.