Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети жыл жыйынтыгын чыгарды. Заманбап, көп тармактуу, илимий билим берүүчү жана маданий-агартуучу окуу жай эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу боюнча да тажрыйбасы мол. Университеттин жетекчилиги чет элдик жана жергиликтүү өнөктөштөрү менен жолугушуп, бир катар элчиликтин өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарын жолдошту. Айрым окутуучу-волонтёрлорго "Ардак грамоталар" тапшырылып, белектер ыйгарылды. Иш-чаранын жүрүшүндө тематикалык тасма баян көрсөтүлдү.
“Абдан маанилүү иш-чара өттү. Анткени, бул жылдын ичин де канчалаган өнөктөштөр менен жигердүү иштер аткарылды",- деди Ж. Баласагын атындагы КУУнун окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров.