POST1RIGHT
Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылындагы Ясыра Шиваза орто метебиндеги имаратын төбөсү кулап түштү. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Бул тууралуу автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Анын айтымында, мектепте жаңы жылдык балаты майрамы болуп жатканда имаратын төбөсү кулап түшкөн. Бирок балдарыбыз коркуп калышты. Эскилиги жеткен мектеп оңдоого муктаж. Канча жолу кайрылдык, эч кандай оңдоо иштери жүргөн жок,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.