Бишкектин абасын тазартуу боюнча аракеттер көрүлөт
Новость

Шаардын абасын тазартуу боюнча өкмөт ыкчам чараларды көрүүсү керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында «Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү чаралары тууралуу» Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып жатканда маалымдалды.

Долбоордун демилгечиси, депутат Марлен Маматалиев эл аралык иликтөө уюмдар шаардагы абанын булгануусунан улам Бишкекти эң кир шаарлардын катарына кошуу ыктымалдыгы бар деген бүтүм чыгаргандыгын, ошол эле маалда калааны каптаган ыш адам ден соолугуна эбегейсиз зыяндуулугу арбып бара жаткандыгына байланыштуу токтом долбоору иштелип чыккандыгын билдирди.

Талкуу учурунда эл өкүлдөру шаардын экологиясын таза кармоо боюнча өкмөттун жана жергиликтүү органдардын иш алып баруусун көзөмөлдөө боюнча сунуштарын беришти.

Сайпидин Султаналиев, "Биринчи радио"