Майрамга карата 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт
Новость

POST1RIGHT  Жаңы жылды тосууга арналган майрамдык иш-чаларларды өткөрүү учурунда республика боюнча 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. 

Буга байланыштуу бүгүн Ички иштер министрлигинин гарнизондук саптык кароосу өттү. Аталган министрликтин кызматкерлери жаңы жылда жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. А

л эми Бишкек шаарында эки миңден ашуун тартип сакчылары коомдук жайларда шаар тургундардын жана калаага келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылышат.